Абдылас Малдыбаев

Автор: Пользователь скрыл имя, 05 Декабря 2011 в 19:39, биография

Описание работы

Абдылас Малдыбаев өзүнүн алгачкы чыгармачылыгын опера жазуудан мурда композиторлор П.Шубин, Д.Ковалев, В.Власов, В.Фере менен биргелешип “Ажал ордуна” музыкалуу драмасынын үч вариантына музыка жазат. А. Малдыбаевдин музыкалуу драмаларды, операларды, кантата, ораторияларды, симфониялык чыгармаларды жазышына москвалык композиторлор Владимир Власов, Владимир Фере менен таанышып калышы, биргелешип иштеши бирден бир себепчи болот

Работа содержит 1 файл

АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ.docx

— 21.69 Кб (Скачать)

АБДЫЛАС МАЛДЫБАЕВ - КЫРГЫЗ ОПЕРАСЫНЫН БАШТООЧУСУ

Жарыяланган учуру: 16.07.2006

Залкар  композитор Абдылас  Малдыбаев кыргыздын  кесиптик музыкасынын: ыр, хор, романс, кантата, симфония, оратория ж.б. жанрлардын негиз  салуучусу гана эмес, профессионалдык  музыкадагы өтө татаал опера жанрынын да баштоочусу болгон.

Абдылас Малдыбаев  өзүнүн алгачкы чыгармачылыгын опера  жазуудан мурда композиторлор П.Шубин, Д.Ковалев, В.Власов, В.Фере менен биргелешип “Ажал ордуна” музыкалуу драмасынын үч вариантына музыка жазат. А. Малдыбаевдин музыкалуу драмаларды, операларды, кантата, ораторияларды, симфониялык  чыгармаларды жазышына москвалык композиторлор  Владимир Власов, Владимир Фере менен  таанышып калышы, биргелешип иштеши бирден бир себепчи болот. Абдылас эки  композитор менен 1936-жылдан 1978-жылга  чейин "бир жеңден кол, бир жакадан  баш чыгарып", бир музыкалуу  драманы, 6 операны жазат.  
 
А. Малдыбаевдин В. Власов, В. Фере менен биргелешип жазган алгачкы көлөмдүү чыгармасы кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө арналган Ж.Турсунбековдун “Ажал ордуна” аттуу пьесасына жазган музыкалуу драмасы эле. Ал эми 1939-жылы Абдылас В.Власов, В.Фере менен акындар Ж.Бөкөнбаевдин, К.Маликовдун, Ж.Турусбековдун либереттосуна кыргыздын тунгуч эпикалык-баатырдык операсы “Айчүрөктү” жазат. Операнын окуясынын өзөгүнө “Манас” эпосунун “Семетей” бөлүмүндөгү окуя алынган. Ошондуктан “Айчүрөктө” кыргыздардын байыркы турмушу, эркиндик үчүн болгон күрөшү баяндалат.  
 
Опера негиздүү эки темасы бар көлөмдүү увертюра менен ачылат. Ал башкы каармандар Семетей менен Айчүрөктүн лейтмативдери композиторлор операнын музыкасын жазууда “Манастын” обону баштаган элдик обондорду, күүлөрдү кеңири пайдаланышат.  
 
Залкар, шайыр А. Малдыбаев “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын, “Айчүрөк” операсын жазуу менен өз элинин тагдыры үчүн күрөшкөн, калкты турмуштун тар жолунан, тайгак кечүүсүнөн алып өткөн, көптү билген, көптү көргөн акылман Бектурдун, “Айчүрөктөгү” эр Семетейдин колуна кол, бутуна бут болгон жүрөгүндө карасы жок баатыр чоросу Күлчоронун образын ушунчалык эргүү, өткөрө берилүү менен турмушта жашап жаткандай чеберчиликте сахнага алып чыгат.  
 
А. Малдыбаев жумурай-журттун сүймөнчүлүгүнө алынган “Айчүрөктөн” кийин композиторлор Власов, Фере менен биргелешип “Элин сүйгөндөр” (патриоттор) “Манас”, “Токтогул”, “Көл боюнда” аттуу операларды жазат. Ар кыл маңыздагы опералардын музыкаларын жазууда композитор калемдеш достору Власов, Фере менен адаттагыдай элдик обондордун, күүлөрдүн берметтерине кайрылат. Аларды угуучу-көрүүчүлөргө жеткендей көркөм чеберчиликте пайдаланышат.  
 
Абыкем жогоруда аталган опералардын баш каармандарында өзү опералык ырчы, актер катары сахнага алып чыгып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн курсант кылат. Айрыкча Малдыбаевдин туубаса аткаруучулук чеберчилиги “Көл боюндагы” Асандын, “Токтогулдагы” Керимбайдын, “Манастагы” эр Сыргактын образдарында таасын көрүнөт. Абыкем өзү жазган опералардагы ролдорду ойноо менен бирге П.Чайковскийдин “Евгений Онегининен” Ленскийдин, М.Раухвердин “Көкүлүнөн” Көкүлдүн, А.Аманбаев менен С.Германовдун “Айдар менен Айшасынан” Телтайдын партияларын көрүүчүлөр күткөндөй деңгээлде сахнага алып чыгат.  
 
Абыкемдин үй-бүлөгө, балдарына болгон мамилеси жөнүндө залкар шайырдын балдарынын эң кенжеси, эркеси, 40 жашында көргөн кызы, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Жылдыз Малдыбаева атасы тууралуу минтип эскерет: 
 
- Эми мен элестетип көрсөм атам үй-бүлөсүнөн, бала-бакырасынан башка өзүнүн кесиби музыканы гана билген, ошону менен гана жашаган адам экен. Атам күндүр-түндүр музыка менен жашаса да анын баскан-турганы, мүнөзү бизге чоң сабак эле. Ал бизди мындай бол, тигиндей жүр деп айтчу эмес. Атам бизге өзүнүн мүнөзү менен гана тарбия берген асыл киши эле.
 

Абдылас Малдыбаев

А.Малдыбаев 1906-жылы Кемин районунда төрөлүп, 1978-жылы  Фрунзе шаарында көз жумган. Ал композитор, ырчы (тенор) жана артист катары кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири. 1937-жылы Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери наамын алган. Москва консерваториясында Кыргыз улуттук студиясында (композиция классы боюнча 1940-1941-ж. Г.Литинскийден, 1947-1950-ж. В.Фереден таалим алган. 1930-ж. Фрунзе музыкалык техникумда директор, 1933-жылдан Кыргыз муз. Студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939-1967-жылдары Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953-54 –жылдары М.Күреңкеев атындагы музыкалыкх хореография окуу жайынын директору болгон. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылдан башталган. Алгачкы ырлары (“Акинай”, “Кызыл жоолукчан”, “Өмүр”) эл арасына кеңири тарап, анын ысымы обончу катары таанылган. Малдыбаеев 300 дөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Композитор элдик фольклорду кылдат пайдалана билгендиктен, ырлары элдик обонго жакын, угулушу көркөм, интонациялык жактан күчтүү, таасирдүү. Малдыбаевдин айрыкча гимндери (“Кызыл атчандар”, “Студенттер маршы”) жана балдар ырлары (“Мына минтип”, “Кулунум” ж.б.) кыргыз ыр жанры катары кирген. 30-жылдардын аягында, 40-жылдардын башында Малдыбаевдын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру. Бул мезгилде ал көптөгөн эл ырларын иштеп чыккан жана “Кимге айтам”, “Гүл турмуш”, “Ук жер жүзү”, “Кечирип кой”, ж.б. балдар үчүн “Биз агайдай болобуз”, “Жылдызым” ырларын, “Эмгек маршы”, ж.б. хорлорду композитор В.А.Власов, В.Г.Фере менен бирге “Ажал ордуна” музыкалык драмасын, “Айчүрөк”, “Патриоттор” ж.б. А.Веприк, М.Абдраев менен бирге “Токтогул” операларын, М.Абдраев, А.Аманбаев менен биргелешип “Ким кантти” аттуу тунгуч музыкалык комедияны жазган.

Малдыбаев Абдылас (1906, Чүй облусу, Кемин району, Карабулак айылы)  – композитор, ырчы (тенор) жана артист, кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири. Кыргыз Респ-нын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1937), СССР эл артисти (1939). Москва консерваториясын бүтүргөн. 1930-жылы Фрунзе музыкалык техникумунда директор, 1933-жылыдан Кыргызстан музыкалык студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939–67-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953–54-жылы М. Күрөңкеев атн. музыкалык хореография окуу жайынын директору болгон. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылы дан башталган. Алгачкы ырлары («Акинай», «Кызыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер») эл арасына кеңири тарап, обончу катары таанылган. М. 300дөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Композитор В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драмасын, «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операсын жана Кыргыз ССР гимнинин музыкасын жазган. М. В. Власов, В. Фере, М. Абдраев ж. б. композиторлор менен бирге кантаталарды, вокалдык-симфониялык чыгармаларды жараткан. Ал  драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү  образдарды түзгөн. Мисалы: «Алтын кыз» музыкалык драмасында Кузнецовдун, «Ажал ордунда» Бектурдун, «Айчүрөк» операсында Күлчоронун, «Айдар менен Айшада» Телтайдын, «Аршин мал алан» музыкалык комедиясында Аскердин, «Евгений Онегин» операсында Ленскийдин, «Токтогулда» Керимбайдын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын артист-тик чоң  чеберчилик менен ойногон. Малдыбаев Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). СССР Жогорку Советинин депутаты (1937–46). Ленин, Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Малдыбаевдин ысымы менен Кыргыз опера жана балет театры, Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган.

Информация о работе Абдылас Малдыбаев